«Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер! Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

«Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер!

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Сиздерди бүгүнкү 1-октябрь – Карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бул майрам ар бирибизди ата-бабалардан калган асыл салтты, улуу мурастарды урматтоого жана карыларга болгон сый-урматыбызды дагы бир жолу эске салууга чакырат. Сиздер элибиздин басып өткөн жолун, каада-салтын жана нарк-насилин сактап келе жаткан асыл муунсуздар. Буга чейинки басып өткөн өмүр жолуңуздарда өлкөбүздүн жана кийинки муундун жаркын келечеги үчүн кылган эмгегиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. “Карынын сөзү – акылдын көзү” деген накыл кеп сымал, сиздердин берген кеп-кеңешиңиздер азыр да биз үчүн абдан баалуу.

Жашооңуздардын ар бир күнү жакындарыңыздардын жылуулугуна толуп турсун! Ар дайым ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди нускоочу тирегибиз болуп жүрө бериңиздер.

Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм!

Бар болуңуздар!»

Кен байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууга арналган илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү

Кен байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууга арналган илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү.

2026-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР УИА Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунда кен байлыктарды кайра иштетүү багытындагы актуалдуу маселелерге арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чараны институттун «Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү» (лаб. башчысы — т.и.к. Б.З. Сабиров) жана «Көмүрдү газификациялоо» (лаб. башчысы — т.и.к. Р.Б. Шайдуллаев) лабораториялары биргеликте уюштурушту.

Жыйын «Кыргыз Республикасында кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн көмүр күкүмдөрүн (0–13 мм) пневматикалык сепарациялоо жана кайра иштетүүдө энергиялык, экологиялык натыйжалуулугун жогорулатуучу технологиялар» аттуу маанилүү темага арналды.

Иш-чарада төмөнкү баяндамалар жасалды:

  1. «Аба сепараторунда көмүрдү кургак байытуу технологиясы» — т.и.к. Б.З. Сабиров.

  1. «Кыргызстандын төмөнкү сорттогу көмүрлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн технологиялык жабдуулар» — т.и.к. Р.Б. Шайдуллаев.

  1. «Кыргызстандын көмүрлөрүн изилдөөдө жана комплекстүү кайра иштетүүдө жасалма интеллект» — КӨЭУнун доценти, т.и.к. Г.К. Өмүрбекова.

Талкуу бөлүгүндө «АБКЕ» ЖЧКнын башкы директору, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Азизбек Каримжанович технологияларды өндүрүшкө киргизүү боюнча суроолорду узатып, активдүү катышты. Ошондой эле «Илонг-Ош эл аралык компаниясы», «Жазы» АК, «Ош Пирим», «Жол-Чырак» ЖЧК өкүлдөрү жана институттун кызматкерлери пикир алмашышты.

Жыйын соңунда тиешелүү резолюция кабыл алынды:

Тегерек столдо сунушталган илимий-техникалык чечимдер Кыргыз Республикасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга жана кен байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууга толук жооп берет деп таанылсын.

Тегерек столдун материалынын жана сунуштарынын негизинде КР Энергетика министрлигине, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине сунуштамалар топтому жөнөтүлсүн.

ЖБИнин «Отун ресурстары жана көмүрдү кайра иштетүү» жана «Көмүрдү газификациялоо» лабораторияларына сунушталган долбоорлорду илимий-техникалык коштоо тапшырылсын.