Кен байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууга арналган илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү

Кен байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууга арналган илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү.

2026-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР УИА Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунда кен байлыктарды кайра иштетүү багытындагы актуалдуу маселелерге арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чараны институттун «Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү» (лаб. башчысы — т.и.к. Б.З. Сабиров) жана «Көмүрдү газификациялоо» (лаб. башчысы — т.и.к. Р.Б. Шайдуллаев) лабораториялары биргеликте уюштурушту.

Жыйын «Кыргыз Республикасында кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн көмүр күкүмдөрүн (0–13 мм) пневматикалык сепарациялоо жана кайра иштетүүдө энергиялык, экологиялык натыйжалуулугун жогорулатуучу технологиялар» аттуу маанилүү темага арналды.

Иш-чарада төмөнкү баяндамалар жасалды:

  1. «Аба сепараторунда көмүрдү кургак байытуу технологиясы» — т.и.к. Б.З. Сабиров.

  1. «Кыргызстандын төмөнкү сорттогу көмүрлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн технологиялык жабдуулар» — т.и.к. Р.Б. Шайдуллаев.

  1. «Кыргызстандын көмүрлөрүн изилдөөдө жана комплекстүү кайра иштетүүдө жасалма интеллект» — КӨЭУнун доценти, т.и.к. Г.К. Өмүрбекова.

Талкуу бөлүгүндө «АБКЕ» ЖЧКнын башкы директору, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Азизбек Каримжанович технологияларды өндүрүшкө киргизүү боюнча суроолорду узатып, активдүү катышты. Ошондой эле «Илонг-Ош эл аралык компаниясы», «Жазы» АК, «Ош Пирим», «Жол-Чырак» ЖЧК өкүлдөрү жана институттун кызматкерлери пикир алмашышты.

Жыйын соңунда тиешелүү резолюция кабыл алынды:

Тегерек столдо сунушталган илимий-техникалык чечимдер Кыргыз Республикасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга жана кен байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууга толук жооп берет деп таанылсын.

Тегерек столдун материалынын жана сунуштарынын негизинде КР Энергетика министрлигине, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине сунуштамалар топтому жөнөтүлсүн.

ЖБИнин «Отун ресурстары жана көмүрдү кайра иштетүү» жана «Көмүрдү газификациялоо» лабораторияларына сунушталган долбоорлорду илимий-техникалык коштоо тапшырылсын.