Жаратылыш байлыктары институтунун илимий кызматкери Кыргыз Республикасынын «Энелер лигасы 45+» VIII чемпионатында 1-орунду ээледи
Ош шаарында «Эне ден соолугу – өлкө ден соолугу» аталышындагы «Энелер лигасы» долбоорунун алкагында волейбол боюнча VIII республикалык чемпионат болуп өттү.
Спорттук иш-чарага өлкөбүздүн жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген 17 команда катышып, 35+ жана 45+ курактык категориялары боюнча өз ара күч сынашты.
Бул мелдеште Жаратылыш байлыктары институтунун «Көмүрди газдыштыруу» лабораториясынын илимий кызматкери Анарбай кызы Сажида өзүнүн командасы менен биргеликте жогорку чеберчиликти жана тажрыйбаны көрсөтө алды. Жыйынтыгында, алар 45+ курактык категориясында атаандаштарын артта калтырып, 1-орунду ээлеп, чемпиондукту камсыз кылышты.

Бул жеңиш институтубуздун кызматкерлеринин бир гана илимий-изилдөө багытында эмес, спорт жана сергек жашоо образын жайылтууда да активдүү экенин далилдейт.
Институттун эмгек жамааты Анарбай кызы Сажиданы жана анын командасын бул чоң ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы иштерине жана спорттук жетишкендиктерине албан ийгиликтерди каалайт!


