Түзүлүү тарыхы
“Энергиянын тардициялык эмес булактары” лабораториясы 1994-жылы КРнын УИАнын ТБнын Жаны технологиялар институттун курамында түзүлгөн. Анын жетекчиси болуп т.и.д., профессор А.И.Исманжанов дайындалган. Аталган лабораторияны 2014-жылдын баштап т.и.д., профессор М.Д.Абдуллаева жетектөөдө.
Негизги илимий багыттары
Лабораториянын негизги илимий багыты – Кыргыз республикасынын Түштүк регионундагы күндүн, шамалдын жана биомассанын энергиясын (фермердик дыйкан чарбаларында биогазды колдонуу) колдонуунун негизинде жаралган энергия комплекстерди түзүү болуп эсептелет. Энергиянын тардициялык эмес булактары менен иштөөчү энергетикалык түзүлүштөрдү изилдеп жана иштеп чыгып аны пайдалануунун эффективдүү жолдорун сунуш кылат.
- Төмөнкү потенциалдуу гелиотехникалык жасалгалардын фундаменталдык маселелерин изилдөө.
- Кыргызстан тоолуу аймактары үчүн жылуулук менен камсыз кыла турган жасалгаларды изилдөө, иштеп чыгуу, жаратуу жана техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу.
- Имараттарды күн жардамында эффективдүү жылытуучу системаны иштеп чыгуу.
- Кыргызстандын тоолуу аймактары үчүн эффективдүү теплицаларды жаратуу жана изилдөө.
- Күндүн энергиясын пайдалануу менен айыл чарба азыктарын кургатуучу түзүлүштөрдү изилдөө, иштеп чыгуу, жаратуу жана техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу.
Илимий байланыштары
- М.Адышев атындагы Ош Техналогиялык университети.
- “Физика-Күн” илимий өндүрүштүк бирикмеси, Өзбекстан
- Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети
Өндүрүшкө киргизилген жыйынтыктар
“ЭТЭБ” лабораториясында жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары өндүрүш тармактарында кенири колдонулууда. Күндүн энергиясын пайдалануу, айыл чарба азыктарын кургатуу, тоо жергесиндеги боз үйлөрдү жылытуу, биогаздын энергиясын колдонуу, курулуштарды ысык суу менен камсыз кылуу ж.б. ишке ашырылган. Лабораториянын кызматкерлери илимий байланыштарын чыңдоо максатында республикабыздын илимий изилдөө борборлору жана жогорку окуу жайлардагы илимий лабораториялар менен тыгыз кызматташат.
Лабораториянын илимий кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан Асол-К жылуулук ташыгычы учурда Россия Федерациясынын темир жол транспортунун пассажирдик вагондорунун муздатуучу системаларында колдонулат.
«Экофрост» жылуулук ташыгычы Россия Федерациясындагы сүт продукциясын жасоочу комбинаттарда жана Челябинск областындагы “Чебаркульский”, Нижегород областындагы “Дивеевский”, Волгоград областындагы “Камышинский” заводдорунда суук ташыгыч катары колдонулат.
Иштелип чыккан экологиялык жактан таза «М-30», «Асол-К», «Экофрост», пропиленгликолдун, натрий хлоридинин, ошондой эле этиленгликолдун негизиндеги жылуулук ташыгычтарды күн энергиясы менен жылытуучу системаларда, тамак-аш өнөр жайындагы, жер үйлөрдөгү, спорт комплекстериндеги, темир жол транспортунун пассажирдик вагондорундагы, автомобилдердин ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарындагы жылуулук алмаштыруучу жабдууларда жана курулуш иштеринде да колдонсо болот.
Лабораториянын ишмердүүлүгү
“Энергиянын традициялык эмес булактары” лабораториясынын илимий изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары төмөндөгү журналдарда жана Интернет ресурсатрында жарык көрдү.
- Джолдошева Т.Ж., Исманжанов А.И., Осоров И.А. Сравнительные характеристики брикетов из низкосортных углей Кыргызстана на основе неорганических связующих.Труды междунар. конф. «Энергетическая кооперация в Азии: прогнозы и реальность». Иркутск, 8-11 сент. 2008 г.
- Исманжанов А.И., Абдырахман уулу К., Абдилазизов А.М. Исследование влияния факторов горной среды на эксплуатационные характеристики солнечных сушильных установок. Сб. научных статей, Ташкент, 2008г.
- Исманжанов А.И., Сооронбаев М.Р., Турганбаев О.М. Алгоритм определения часовых линий и концентрических окружностей высоты солнца для построения солнечных карт // Гелиотехника, 2008, №1, с 83-88.
- Исманжанов А.И., мирзахалилов Б.Б. Влияние использования нетрадиционных и возобновляемых источников энергии на энергобаланс Кыргызстана НОТ,2008,№3, с 8-9.
- Исманжанов А.И., Арзиев Ж.А., Исманжанова А.К. Исследование влияния гуматов аммония и силиката на выход биогаза на биогазовых установках // НОТ, 2008,№3 с 188-189.
- Исманжанов А.И, Самиев М., Бахрамов С.А., Клычев Ш.И., Тураева У.П. О тепловой инерционности солнечных низкотемпературных установок // НОТ, 2008, №3, с 1196-202.
- Абдуллаева М.Д. Нетоксичные низкотемпературные теплоносители для систем солнечного теплоснабжения/М.Д.Абдуллаева-Бишкек,2012.-174с
- А.с. 1527246 СССР. Низкотемпературный теплоноситель /В. П. Баранник, М.Д.Абдуллаева, Т.Х.Чен, С.И.Смирнов, Г.Н.Мансуров -№ 4326655/31; Заявл.08.09.87; Опубл.07.12.89. Бюл.№45.
- Абдуллаева М.Д. Ингибирование коррозии стали в натрий-хлоридном теплоносителе / М.Д. Абдуллаева, А.И. Исманжанов //Гелиотехника.-2005.-N2.-С.39-42.
- Абдуллаева М.Д. Экологически безопасный антифриз «Экосол» / М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник // Автомобильная промышленность.-М., 2006-№2.-C.21-22.
- Пат. 1396 КG, МКИ С 09К5/00. Ингибиторы коррозии для антифриза /М. Д. Абдуллаева, И.Г.Кенжаев (Кыргызстан). – №20100042.1; Заявл.23.03.2010 Опубл.30.10.2011, Бюл.№10.
- Абдуллаева М.Д. Экологически чистые низкотемпературные теплоносители для систем солнечного теплоснабжения /М.Д. Абдуллаева, к //Известия ВУЗов 2014, № 5 с. 4-7
- Абдуллаева М.Д. Технологические исследования нефелиновых сиенитов месторождения Зардалы с целью комплексного использования/Каримов Ж.К.,Алтыбаева Д.Т.,Мурзубраимов Б.М.//Проблемы современной науки и образования, г. Иваново, № 34 (76) 2016.стр. 18-22 , с импакт-фактором РИНЦ: 1,52.
- Исманжанов А.И., Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л. Исследование радиационно – конвективной солнечной сушки продуктов // Наука. Образование. Техника. 2013, №1, С.69-71.
- Патент КР. №1516. Бюллетень изобретений №12, 2012, / Исманжанов А.И., Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л.
- И.Г.Кенжаев, Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л. Исследование теплотехнические характеристики солнечной сушильной установки “Термика” “Известия” 2019-ж. №3. ОшТУ
- И.Г.Кенжаев, Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л. К вопросу разработки эффективного способа подвода тепла в процесс сушки сельхозпродуктов с использованием солнечной энергии. “Вестник” 2019-ж. №2. ОшГУ
Лабораториянын курамы
“Энергиянын традициялык эмес булактары” лабораториясында бүгүнкү күндө 5 илимий кызматкер жана көмөкчү кызматкерлер, анын ичинде 1 илимдин доктору, 1 техникалык илимдин кандидаты, 2 кенже илимий кызматкерлер жана 1 лаборант эмгектенишет.
Лабораториянын башчысы – т.и.д., профессор Абдуллаева Майрам Дүкүевна 1959-жылы Ош областынын Кара-Суу районунда туулган. Кыргыз кыз-келиндер пединститутун артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1988-жылы Ленин атындагы Москва мамлекеттик пединститутунда кандидаттык диссертациясын Россиянын илим жана техникасына эмгек синирген ишмер, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, х.и.д., профессор В.П. Баранниктин илимий жетекчилиги алдында коргогон. 75 илимий-усулдук эмгектердин, 1 илимий монография жана 7 ойлоп табуулардын автору. «Кыргыз Республикасындагы эн мыкты ойлоп табуулар» боюнча Республикалык конкурстун эки жолку женүүчүсү. Үзүрлүү илимий-педагогикалык эмгеги бааланып, М.Д. Абдуллаева «КР нын билим беруусунун мыктысы» төш белгиси, Кыргызпатенттин Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин, Ош областык мамлекеттик администрациясынын, ОшМУнун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Т.и.к., улук илимий кызматкер Абдырахман уулу Кутманалы 1974-жылы Жалалабат облусунун Аксы районуна караштуу Тегене айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин Физика математика факультетинин “Физика” адистигин аяктаган. 05.14.08. «Энергоустановки на основе возобновленных видов энергии» адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты, доцент. Илимий журналдарда 20 дан ашык эмгектери жарыкка чыккан, 10 окуу методикалык колдонмолордун автору жана 6 патенттин ээси.
Кенже илимий кызматкер Абдуллаева Миргүл Пазылбековна 1983-жылы 21-январда Ош облусунун Карас-Суу районунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетин 2005-жылы аяктап химия кошумча биология адистигине ээ болгон. ОшМУнун аспирантура бөлүмүн 2017-жылы ийгиликтуу аяктаган. Илимий журналдарда 8 илимий макаласы жарык көргөн.
Кенже илимий кызматкер Абулова Нургул Лачынбаевна 1979-жылы 6-апрелде Жалалабат облусунун Ала-Бука районуна караштуу Айры-Там айылында туулган. Жалалабат мамлекеттик университетинин Инженердик технологиялык факультетин 2001-жылы аяктап “Физика” адистигине ээ болгон. 2011-жылы КӨУнүн аспирантура бөлүмүн аяктаган. Илимий журналдарда 4 илимий эмгектери жарык көргөн жана 1 патенттин ээси.


