“Энергиянын традициялык эмес булактары” илимий лабораториясы (ЭТЭБ)
Түзүлүү тарыхы жана илим-изилдөө багыттары
Энергиянын салттуу эмес булактары (ЭТЭБ) лабораториясы 1994-жылы жаны технологиялар институтунун курамында түзүлгөн. Лаборатория башчысы болуп т.и.д., профессор А.И.Исманжанов дайындалган.
ЭТЭБ илимий лабораториясы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун 2008-жылдын 7-июлундагы №34 токтому жана 14-июлдагы №04-13 буйругунун негизинде Жаңы технологиялар жана Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институттарынын бириктирилүүсүнүн негизинде түзүлгөн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун курамында иштеп келүүдө. Илимий лабораторияны 2014-жылдан 2025жылга чеийн т.и.д., профессор М.Д.Абдуллаева жетектеген. 01.04.2025жылдан 01.02.2026чейин т.и.к., доцент К.Абдырахман у. жетектеген. 01.02.2026 жылдан баштап Т.Т. Саткулов жетектеп келуудо.
Лабораториянын негизги илимий багыттары:
- Энергиянын салттуу эмес булактарын колдонуунун негизинде жаңы энергокомплекстерди түзүү, изилдөө жана аларды пайдалануунун эффективдүү жолдорун сунуш кылуу.
- Күн энергиясын пайдалануу менен жылытуучу күн системалары, момо -жемиштерди кургатуучу күн системалары ж.б. энергетикадагы, тамак-аш өнөр жайындагы, транспорттогу жылуулук алмаштыруучу жабдуулар үчүн экологиялык таза төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтарды иштеп чыгуу жана изилдөө.
Лабораториянын курамы
ЭТЭБ лабораториясында бүгүнкү күндө 5 илимий кызматкерлер, анын ичинде 1 т.и.д., профессор, 1 т.и.к., доцент, 2 илимий кызматкерлер жана 1 лаборант эмгектенишет.
Саткулов Таалай Тагаевич 1969-жылы туулган.Лабораториянын ага илимий кызматкери. Ош Технологиялык университетинин жалпы техникалык билим берүү адистигин аяктаган. 05.04.08-Энергиянын жаңыланып туруучу булактарынын негизиндеги энергетикалык түзүлүштөр адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты.Б.Сыдыков атындагы Кыргыз Өзбек эл аралык университетинин “2014-жылдын мыкты изденүүчүсү” номинациянын ээси.23 илимий макаланын,2 окуу методикалык колдонмонун автору, ойлоп табууга алынган Кыргыз Республикасынын 1 патентинин ээси.
Абдуллаева Майрам Дукуевна 1959-жылы туулган. Лаборатория башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор, КР нын билим берүүсүнүн мыктысы. Кыргыз Республикасындагы эн мыкты ойлоп табуулар боюнча, КРнын илим жана интеллектуалдык менчик мамлекеттик агентствосунун(ГАНИС), КРнын билим берүү жана илим министрлигинин илимдин приоритеттүү багыттары боюнча конкурстарынын көп жолку жеңүүчүсү. 110 илимий-усулдук эмгектердин, 1 илимий монографиянын автору жана 8 ойлоп табууларга алынган Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын патенттеринин ээси.
Абулова Нургул Лачынбаевна 1979-жылы туулган. Лабораториянын кенже илимий кызматкери. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Инженердик технологиялык факультетинин Физика адистигин 2001-жылы аяктаган. 2009-2011-жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз- Өзбек эл аралык университетинин аспирантурасын аяктаган. “Разработка технологии и установок солнечной сушки продуктов с интенсивным инфракрасным нагревом” аталышындагы кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштеп атат. 5 илимий эмгектердин автору жана 1 ойлоп табууга алынган Кыргыз Республикасынын патентинин ээси.
Илимий иштердин жыйынтыктары
Лабораторияда жүргүзүлгөн илим-изилдөө иштеринин натыйжасында экологиялык жактан таза, температуралык иштөө диапазондору кеңири жана эң жакшы жылуулук фиизикалык касиеттерге ээ болгон 7 төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтар иштелип чыгып, ар тараптан изилденген. Иштелип чыккан калий карбонатынын, натрий нитратынын, этил спиртинин, этилкарбитолдун, пропиленгликолдун, этиленгликолдун, натрий хлоридинин негизиндеги төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтарга Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын патенттери алынган. Калийдин карбонатынын негизиндеги Асол-К жылуулук ташыгычы учурда Россия Федерациясынын темир жол транспортундагы пассажирдик вагондордун жылуулук системаларында жана күн энергиясы менен жылытуучу системаларда, ал эми этил спиртинин негизиндеги жылуулук ташыгыч Россия Федерациясынын тамак-аш өнөр жайындагы жылуулук алмаштыруучу жабдууларда кеңири колдонулуп келүүдө.
Лабораторияда Кыргыз республикасынын Түштүк регионундагы күндүн, шамалдын жана биомассанын энергиясын (фермердик дыйкан чарбаларында биогазды колдонуу) колдонуунун негизинде жаны энергия комплекстердерди түзүү изилденген. Энергиянын традициялыкэмес булактарыменен иштөөчү энергетикалык түзүлүштөр изилденип жана иштеп чыгып, аны пайдалануунун эффективдүү жолдору сунушталууда.
Илимий байланыштарды чындоо максатында лабораториянын кызматкерлери Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү илим изилдөө борборлору жана жогорку окуу жайлардагы илимий лабораториялар менен тыгыз кызматташат.
т.и.д., профессор М.Д.Абдуллаева ТВЕА ачык акционердик коомунун илимий кызматкерлери менен. Үрүмчү шаары, КЭР.
М.Д.Абдуллаеванын Тракия университетиндеги илимий докладынан кийинки пикир алмашуу учуру. Солдон оңго: Тракия университетинин профессорлору Месут Качан жана МесутБоз(Турция).
т.и.д., профессор М.Д.Абдуллаева Борбордук Азияда күн энергиясын колдонуунун технологиялары боюнча эл аралык семинардын катышуучулары менен. Синьцзянь илимий-техникалык институту. СУАР,КЭР.
Лабораториянын ишмердүүлүгү
Лабораториянын илим изилдөө иштеринин натыйжасында 9илимий монографиялар, 68 ойлоп табууларга автордук күбөлүктөр жана патенттер,410 илимий макалалар жарык көргөн. Алардын негизгилери төмөндөгүлөр:
- А.И.Исманжанов., Ш.И.Клычев., Б.С.Расаходжаев., З.К.Эрмекова “Пропускание солнечного излучения полуцилиндрическими и сигментными прозрачными ограждениями.” Гелиотехника 2018 №5.
- А.И.Исманжанов., Н.М.Ташиев “Разработка и исследование технологии получения порошков сельхозпродуктов с помощью солнечной энергии.” Гелиотехника 2016 №4.
- Ш.И.Клычев., А.И.Исманжанов., З.К.Эрмекова “Фактор косинуса в низкопотенциальных солнечных установках.” Гелиотехника 2015 №4.
- Ш.И.Клычев., А.И.Исманжанов., Н.С.Садыкова., М.Самиев., А.У.Сайфиев “Методика оценки стоимости солнечных коллекторов при изменении цен на топливо.” Гелиотехника 2013 №3.
- А.И.Исманжанов., Н.А.Мурзакулов., О.А.Азимжанов “Исследование теплообмена в межслойном пространстве многослойных теплиц.” Гелиотехника 2012 №2.
- Исманжанов А.И., Абдырахмануулу К., Абдилазизов А.М. Исследование влияния факторов горной среды на эксплуатационные характеристики солнечных сушильных установок. Сб. научных статей, Ташкент, 2008г
- Исманжанов А.И., Сооронбаев М.Р., Турганбаев О.М. Алгоритм определения часовых линий и концентрических окружностей высоты солнца для построения солнечных карт // Гелиотехника, 2008, №1, с 83-88.
- А.с. 1527246 СССР. Низкотемпературный теплоноситель /В. П. Баранник, М.Д.Абдуллаева,Т.Х.Чен,С.И.Смирнов, Г.Н.Мансуров -№ 4326655/31; Заявл.08.09.87; Опубл.07.12.89. Бюл.№45.
- Абдуллаева М.Д. Экологически безопасный, некоррозионно-активный хладоноситель для пищевой промышленности / М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник //Экология промышленного производства. – М. ,2003. -№2.-С.12-14.
- Пат.814 КG, МКИ С-09К 5/00. Хладоноситель / М.Д. Абдуллаева (Кыргызстан),- 20040065.1; Заявл. 24.0208.2004; Опубл. 30.09.2005, Бюл.№9.
- Пат.775 КG, МКИ С 09К5/00. Экологически чистый хладоноситель / М. Д. Абдуллаева, В.П.Баранник (Кыргызстан). – №20030121.1; Заявл. 06.08.2003; Опубл.30.04.2005, Бюл.№4.
- Пат.776 KG, МКИ С09К 5/00. Солевой теплоноситель-антифриз / М. Д. Абдуллаева, Б.М.Мурзубраимов (Кыргызстан).-№20030122.1; Заявл.06.08.2003; Опубл.30.04.2005, Бюл.№4.
- Абдуллаева М.Д. Альтернативные компоненты теплоносителей для солнечных систем теплоснабжения и охлаждения / М.Д. Абдуллаева, А.И. Исманжанов // Гелиотехника.-Ташкент, 2005.-№1.-С.45-49.
- Абдуллаева М.Д. Ингибирование коррозии стали в натрий-хлоридном теплоносителе / М.Д. Абдуллаева, А.И. Исманжанов//Гелиотехника.-2005.-N-С.39-42.
- Абдуллаева М.Д. Экологически безопасный антифриз «Экосол» / М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник // Автомобильная промышленность.-М., 2006-№2.-C.21-22.
- Абдуллаева М.Д. Экологически безопасный теплохладоноситель / М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник //Экология промышленного производства. – М., 2006 – № 3. – С. 9-11.
- Пат.977 KG. Экологически безопасный антифриз«Экосол» /М.Д.Абдуллаева, В.П.Баранник (Кыргызстан). – №20050115.1; Заявл.27.10.2005 ; Опубл.31.07.2007. Интеллектуалдыкменчик №8/2007 с.19
- Пат.978 KG, МКИ С09К 5/00. Нетоксичный теплохладоноситель / М. Д. Абдуллаева (Кыргызстан). – №20050114.1; Заявл.27.10.2005; Опубл.31.07.2007, Интеллектуалдыкменчик №8/2007 с.19
- Пат. 1396 КG, МКИ С 09К5/00. Ингибиторы коррозии для антифриза /М. Д. Абдуллаева, И.Г.Кенжаев (Кыргызстан). – №20100042.1; Заявл.23.03.2010 Опубл.30.10.2011, Бюл.№10.
- Патент №2132 КG, МКИСпособ получения глинозема из нефелиновых сиенитов/М.Абдуллаева, Б.Мурзубраимов, Ж.Каримов (Кыргызстан). Опубл. 202.2019
- Абдуллаева М.П., Арзиев Ж.А., Абдуллаева М.Д. Исследования физико-химических свойств теплоносителя “Асол-К”c добавкой трансформаторного масла Известия НАН КР, 2018, №5, с.66-72
- Abdullaeva M.P., Zarlyk uulu A. Abdullaeva M.P Research of pooral liquid as a basis low-temperature heat carrier. I конгресс ученых туркоязычных стран, Osh, 2019.С. 32
- Абдуллаева М.Д. Технологические исследования нефелиновых сиенитов месторождения Зардалы с целью комплексного использования/Каримов Ж.К.,Алтыбаева Д.Т.,Мурзубраимов Б.М.//Проблемы современной науки и образования, г. Иваново, № 34 (76) 2016.стр. 18-22 , с импакт-фактором РИНЦ: 1,52.
- MairamAbdullaeva, BektemirMurzubraimov, DilbarAltybaeva, Zhypargul
Abdullaeva,GulzadaKalykova.Investigation of Pegmatite MineralApplicability from the Terek Ceramic Deposit in Kyrgyzstan for Production of Porcelain and Earthenware. Journal of Minerals and MaterialsCharacterization and Engineering, 2021, 9, 169-179.
- Исманжанов А.И., Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л. Исследование радиационно – конвективной солнечной сушки продуктов // Наука. Образование. Техника. 2013, №1, С.69-71.
- Патент КР. №1516. Бюллетень изобретений №12, 2012, / Исманжанов А.И., Абдырахмануулу К., Абулова Н.Л.
- И.Г.Кенжаев, Абдырахмануулу К., Абулова Н.Л. Исследование теплотехнические характеристики солнечной сушильной установки “Термика” “Известия” 2019-ж. №3. ОшТУ
- И.Г.Кенжаев, Абдырахмануулу К., Абулова Н.Л. К вопросу разработки эффективного способа подвода тепла в процесс сушки сельхозпродуктов с использованием солнечной энергии. “Вестник” 2019-ж. №2. ОшГУ.
- Абулова Н.Л.,Абдырахмануулу К., И.Г.Кенжаев “Разработка экспериментального стенда для изучения динамики теплового фронта в высушиваемых продуктах” Бюллетень науки и практики 2021. Т.7 №10. С.259-264.
Илимий байланыштары
- И.Раззаковатындагыкыргызмамлекеттиктехникалыкуниверситети.
- КР УИАнын машина куруужанаавтоматика институту.
- КРнын өнөр жай, энергетика, жер байлыгы боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы илим-изилдөө институту
- Б.И.ЕльцинатындагыКыргыз-Орусславян университети.
- М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университети
- Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети.
- Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети. Казах Республикасы.
- Ташкент химико-технологиялык институту. Өзбекстан Республикасы
- Эл аралык күн энергиясы институту. Өзбекстан Республикасы
- “Физика-Күн” илимий өндүрүштүк бирикмеси. Өзбекстан Республикасы
- Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети. РФ
- Москва мамлекеттик инженердик экология университети. РФ
- Москва мамлекеттик педуниверситети. РФ
- Москва мамлекеттик областтык педуниверситети. РФ
- Тракия университети. Турция
- Синьцзянь илимий – техникалык маалымат институту. СУАР, КЭР





