Түзүлүү тарыхы

 

«Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү» лабораториясынын тарыхы 1988-жылдан башталат. Бул жылдары Ош шаарында Түштүк илимий окуу борбору ачылып, анын негизги максаты катары илим менен билим берүүнү айкалыштыруу, түштүк элинин илимий потенциалын жогорулатуу болгон. «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораториялары ачылып, изилдөө иштери башталган. 1991-жылы Түштүк илимий окууборборунун базасында  Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институту түзүлүп, «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораториялары бириктирилген, анын базасында  “Көмүрдү брикеттөө”  лабораториясы ачылган.

 

Лабораторияны 1991-2025-жылдар аралыгында т.и.д., профессор, КР УИАнын анык мүчөсү  Текенов Ж.Т., т.и.к. Курманкулов Ш., х.и.к. Джапарова Ш., т.и.к. Цой А.В., т.и.д. Абидов А.О. жетектеп келишти. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауренаты,  ага илимий кызматкер Сабиров Батырбек Зулумович

2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауренаты, т.и.к. Сабиров Батырбек Зулумович жетектөөдө.

 

2. Илимий ишмердүүлүктүн негизги багыттары

Кыргыз Республикасындагы күрөң жана таш көмүр кендеринен казылып алынган көмүрдөн аймактык өндүрүшкө, айыл чарба өндүрүшүнө жана коммуналдык үй тиричилигине зарыл болгон продуктуларды  алуунун комплекстүү кайра иштетүү технологияларын иштеп чыгуу.

 

 Илимий изилдөөнүн жыйынтыктарын колдонуу

 1991-2021-жылдарда лабораторияда эмгектеген кызматкерлер тарабынан көптөгөн илимий иштелемелер – кесектелген отундарды алуунун технологиялары, ыкмалары, кесектелеген отундун курамы боюнча иштелме иштелип чыгып, Кыргызстандын отун –энергетикалык тармактарына колдонууга берилди.

Лабораториянын илимий продукциялары: – формаланган көмүр брикети (ФКБ),  кесектелген отун түрлөрү түштүк аймактын  жеке секторлорунда колдонулуп жатат.

 

Илимий байланыштары

Азыркы учурда аталган лаборатория  Кыргызстандын түштүк жергесиндеги көмүр компаниялары менен тыгыз кызматташуусун алып барат. Компания өкүлдөрүн негизинен көмүр сапатын лабораториялык изилдөө менен аныктоо жана көмүрдү кайра иштетүүнүн технологиялары, анын сапатын жогорулатуу кызыктырат. Ош жылуулук электр борбору, Ош технологиялык университеттери жана башка уюмдар, ишканалар менен кызматташат.

 

 Илимий  иштердин   жыйынтыктары

Өзгөн көмүр бассейнинин Торгой-Добо, Кумбель, Кара-Добо көмүр кендеринин көмүрүн байытуу процессин изилдөө иштери аткарылды.

 

Кыргызстандын  түштүк аймагында жайгашкан көмүр кендеринин казып алууда пайда болгон сорту начар көмүрлөрдү энергетикалык отун катары пайдалануу боюнча илимий сунуштар, технологиялар, ыкмалар иштелип чыкты.

 

Энергетикалык багытта пайдалануу үчүн түтүн бөлүп чыгаруусу аз  чала  кокстуу отундарды алуунун технологиялары иштелип чыкты.

 

Өндүрүшкө киргизүүгө даяр болгон инновациялык иштелмелер

Көмүрдүн майдасын брикеттөө үчүн жаңы органикалык эмес  бириктиргич  (связующее) сунушталган. Жаңы бириктиргич башта колдонулуп келген бириктиргичтерге салыштырмалуу 2-3 эсе  аз сарпталат. Алынган брикеттин  сапаты  жогору.

 

 3.Лабораториянын курамы

«Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү»  лабораториясында 3 кызматкер эмгектенет: 1 илимдин доктору, 1 техника илимдеринин кондиданты, 1 илимий кызматкер.

Лабораториянын башчысы  Кыргыз Республикасынын  илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, у.и.к., т.и.к Сабиров Батырбек Зулумович 1973–жылы 12- мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак  айылында төрөлгөн. Ош Мамлекеттик университетинин  табият таануу жана география  факультетин 1996- жылы аяктап, химия жана кошумча биология   адистигине ээ болгон. Илимий журналдарда 30 дан ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан, 1 ойлоп табуунун автору.

Башкы илимий кызматкер ,  профессор., физико-математика илимдеринин доктору Сайипбекова Анара Мурадовна 1955-жылдын 13 январында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Карагуз айылында туулган. 1989 – жылы физики- математика илимдерининин кандидатына илимий ишин Москвада коргогон, 2004 жылы физика -математика илиминдеринин доктору наамына ээ  болгон. 115 тен ашык илимий макаланын автору.

Кенже илимий кызматкер  Азизова Айзат Камалидиновна  2002-жылы 12 – январда Ош облусунун Өзгөн районунун Шералы айылында төрөлгөн. Ош Мамлекеттик Университетинин “Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун   «Химиялык- экологиялык, соттук- медициналык экспертиза» адистигин жана “ Химия” – адистиги боюнча магистратураны аяктаган. 2025- жылдан  КР ПК КР УИАна асперпнтура болумуно тапшырды.

 

 

 

  1. 4.Илимий иштердин жыйынтыктары.

Аналитикалык иштер:

Жасалма интеллект (ИИ) колдонуу менен көмүрдү кургак байытуу ыкмалары боюнча адабий жана маалыматтык булактарга талдоо жүргүзүлдү. Технологиялардын негизги артыкчылыктары жана аба агымынын көмүр бөлүкчөлөрүнө тийгизген таасири изилденди. Тиешелүү презентациялар даярдалды.

 

Эксперименталдык установка жана конструкциялар:

Кара-Добо кенинин көмүрүн кургак байытууга арналган лабораториялык установка иштелип чыгып, даярдалды. Ал кошумча аба булагынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлдү. Иштөө учурунда аныкталган майда конструкциялык кемчиликтер жоюлду.

 

Оптималдаштыруу жана изилдөө жыйынтыктары:

Аба агымынын ылдамдыгы жогорулаганда 0,5 ммден кичине көмүр фракциялары бөлүнбөй, агым менен кошо урунуп кетери аныкталды.
Процессти туруктуу жүргүзүү үчүн 0–13 мм фракциялар боюнча абанын баштапкы оптималдуу берүү ылдамдыгы 0,20–0,30 м/сек экени белгиленди.
Сепараторлордун өлчөмдөрү жана аба берүү/чыгаруу түтүктөрүнүн диаметрлери чоңойтулду. Установка кийинки изилдөөлөрдү жүргүзүүгө толук даяр.

 

Көмүрдүн мүнөздөмөсү:

Кара-Добо кенинин көмүрү — тыгыз, тощий көмүр түрүнө кирет. Төмөнкү фракциялар өз-өзүнчө изилденди: 0,25–1 мм; 1–3 мм; 3–6 мм; 6–13 мм.
1 ммден кичине фракциянын агым менен алып чыгуу аркылуу болуу ыктымалдыгы 50%дан жогору экени аныкталды. Техникалык анализ көрсөткөндөй, аба агымынын багыты боюнча көмүрдүн күлдүүлүгү төмөндөйт.

 

Бюджеттен тышкаркы каржылоо (1.3-пункт):

Жеке жана мамлекеттик уюмдар менен кызматташтыктын алкагында лаборатория кызматкерлери көмүрдүн сапаттык жана туруктуу көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча илимий-техникалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүштү. Натыйжада институттун атайын эсебине 150 000 сом каражат түштү.

 

 

 

5. Лабораториянын ишмердүүлүгү.

2025-жылдын көрсөтүлгөн мезгилиндеги изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча лабораториянын кызматкерлери тарабынан төмөндө саналган макалалар жарыяланып, ойлоп табууларга өтүнмөлөр даярдалат.

Басма ишмердүүлүк (басылмалардын тизмеси, көлөмү, авторлору, басмасы көрсөтүлөт).
Даярдалды:

  1. Сартова К.А., Камбарова Г.Б., Сарымсаков Ш., Сабиров Б.З. — ««Исследование связующих веществ  для брикетирования мелких классов углей  КР».
  2. Джапарова Ш., Саткулов Т.Т., Кушбакова Г.Т., Азизова А.К. — «Технология  производства комплексных гумино-биоудобрений и о перспективе   их использования в Кыргызстане».
  3. Сабиров Б.З., Джапарова Ш., Азизова А.К. — “Исследование сухого обогащения углей Кара-Добо и влияние фракционного состава на обогатимость”.

ОГПУнун эмгектер жыйнагына басмага тапшырылды:

  1. Сабиров Б.З., Абсатаров Р.Р., Шайырбек кызы А. — “Фитопатогенные заболевания деревьев в зелёных насаждениях города Ош и пути их контроля”.
  2. Абсатаров Р.Р., Мамасадык уулу А., Сабиров Б.З. — “Био-экологические особенности вредителей Profenusa pygmaea и Planococcus vovae, повреждающих дубовые и можжевеловые древесные растения в условиях города Оша”

20.02.2025-ж. лаборатория кызматкерлери ТОО DistriTech компаниясы тарабынан уюштурулган «Илим жана өнөр жай үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар» аттуу семинарга катышып, сертификат алышты.

25.09.2025-ж. лаборатория кызматкерлери тарабынан «Кыргызстандын көмүр тармагындагы көмүрдү байытуу технологиялары: учурдагы абалы жана келечеги» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

17.10.2025-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн А.С. Жаманбаев атындагы Табигый ресурстар институту уюштурган «Жаратылыш ресурстарын башкаруудагы инновациялык технологиялар жана алардын өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндөгү ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны уюштурууга жана анда баяндама менен катышышты.

16.10.2025-ж. «Merck компаниясынын лабораториялар үчүн продукциялары – жыйынтыктардын тактыгы жана ишенимдүүлүгү» аттуу эл аралык семинарга катышышты.

17.10.2025-ж. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдыгына арналган «Келечек үчүн билим берүү: 12 жылдык мектепке өтүүнүн илимий-практикалык негиздери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга баяндама менен катышышты.

Мындан тышкары, лаборатория кызматкерлери бир катар илимий жана практикалык семинарларга катышышты.

 

6. Илимий байланыштар.

Лаборатория Кыргызстандын түштүгүндөгү көмүр компаниялары жана башка өндүрүштүк уюмдар менен тыгыз кызматташтык жүргүзөт. Атап айтканда, «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасы, «АБКЕ» ЖЧКсы, «Жазы» ААКсы, «И ЛОНГ-ОШ» эл аралык соода компаниясы ЖЧК, «Ош Прим» ЖЧК ж.б. менен иш алып барат. Компания өкүлдөрүнүн негизги кызыгуусу казылып алынган көмүрдүн сапатына, кайра иштетүү технологияларына жана көмүрдүн сапатын жогорулатуу ыкмаларына багытталган.