Түзүлүү тарыхы

«Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү» лабораториясынын тарыхы 1988-жылдан башталат. Ал жылдары Ош шаарында Түштүк илимий окуу борбору ачылып, илим менен билим берүүнү айкалыштыруу, түштүктө илимий потенциалды жогорулатуу максаттары турган. «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораториялары ачылып, изилдөө иштери башталган. 1991-жылы Түштүк илимий окуу борборунун базасында  Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институту түзүлүп, «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораториялары бириктирилген, анын базасында  “Көмүрдү брикеттөө”  лабораториясы ачылган.

Лабораторияны 1991-2019-жылдар аралыгында т.и.д., профессор  Текенов Ж.Т., т.и.к. Курманкулов Ш., х.и.к. Джапарова Ш., т.и.к. Цой А.В., т.и.д. Абидов А.О. жетектеп келди.

2019-жылдан баштап лабораторияны Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауренаты,  ага илимий кызматкер Сабиров Батырбек Зулумович  жетектөөдө.

Илимий ишмердүүлүктүн негизги багыттары

Кыргыз Республикасындагы күрөң жана таш көмүр кендеринен казылып алынган көмүрдөн аймактык өндүрүшкө, айыл чарба өндүрүшүнө жана коммуналдык үй тиричилигине зарыл болгон продуктуларды  алуунун комплекстүү кайра иштетүү технологияларын иштеп чыгуу.

Илимий изилдөөнүн жыйынтыктарын колдонуу

 1991-2021-жылдарда лабораторияда эмгектеген кызматкерлер тарабынан көптөгөн илимий иштелемелер – кесектелген отундарды алуунун технологиялары, ыкмалары, кесектелеген отундун курамы боюнча иштелме иштелип чыгып, Кыргызстандын отун –энергетикалык тармактарына колдонууга берилди.

Лабораториянын илимий продукциялары: – формаланган көмүр брикети (ФКБ),  кесектелген отун түрлөрү түштүк аймактын  жеке секторлорунда колдонулуп жатат.

Илимий байланыштары

Азыркы учурда аталган лаборатория  Кыргызстандын түштүк жергесиндеги көмүр компаниялары менен тыгыз кызматташуусун алып барат. Компания өкүлдөрүн негизинен көмүр сапатын лабораториялык изилдөө менен аныктоо жана көмүрдү кайра иштетүүнүн технологиялары, анын сапатын жогорулатуу кызыктырат. Ош жылуулук электр борбору, Ош технологиялык университеттери жана башка уюмдар, ишканалар менен кызматташат.

Илимий  иштердин   жыйынтыктары

Өзгөн көмүр бассейнинин Торгой -Добо, Кумбель, Кара-Добо көмүр кендеринин көмүрүн байытуу процессин изилдөө иштери аткарылды.

Кыргызстандын  түштүк аймагында жайгашкан көмүр кендеринин казып алууда пайда болгон сорту начар көмүрлөрдү энергетикалык отун катары пайдалануу боюнча илимий сунуштар, технологиялар, ыкмалар иштелип чыкты.

Энергетикалык багытта пайдалануу үчүн түтүн бөлүп чыгаруусу аз  чала кокстуу отундарды алуунун технологиялары иштелип чыкты.

Өндүрүшкө киргизүүгө даяр болгон инновациялык иштелмелер

Көмүрдүн майдасын брикеттөө үчүн жаңы органикалык эмес  бириктиргич  (связующее) сунушталган. Жаңы бириктиргич башта колдонулуп келген бириктиргичтерге салыштырмалуу 2-3 эсе  аз сарпталат. Алынган брикеттин  сапаты  жогору.

Лабораториянын курамы

«Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү»  лабораториясында 7 кызматкер эмгектенет: 2 илимдин доктору, 1 техника илимдеринин кандидаты, 1 ага илимий кызматкер, 1 илимий кызматкер, 1 кенже илимий кызматкер жана 1 улук лаборант.

 Лаборатория башчысы – Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, у.и.к. Сабиров Батырбек Зулумович 1973–жылы 12- мартта Ош облусунун Карасуу районунун Жапалак  айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин  табият таануу жана география  факультетин 1996- жылы аяктап, химия жана кошумча биология   адистигине ээ болгон. Илимий журналдарда 30 дан ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан, 1 ойлоп табуунун автору.

Башкы илимий кызматкер – академик, т.и.д., профессор Жумалиев Кубанычбек Мырсабекович 1956–жылы 26-апрелде Жалал-Абад  облусунун Жаны-Жол районундагы Кичи-Ак-Жол айылында  төрөлгөн. Рязандагы радиотехникалык институтун 1978-жылы аяктаган.  1993 —жылдан бери Кыргыз Республикасынын УИА анык мүчөсү. Илимий журналдарда  300дөн ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан.  12 монография, 15 патент жана автордук күбөлүктөрдүн  автору.

Жетектөөчү илимий кызматер  Асанов Арстанбек Авлезович  1952–жылы  Жалал-Абад  облусунун Көк-Жангак шаарында  төрөлгөн. Фурунзедеги политехникалык институтун 1975-жылы бүтүргөн, техника илиминин доктору, профессор.

180 илимий эмгектин автору. Анын ичинен, в илимий статья -115, монография -7 , патент жана автордук күбөлүк -54, окуу-усулдук колдонмо – 12.

Улук илимий кызматкер, т.и.к.   Цой Алексей Валентинович 1951 – жылы 27-февралда Талды-Курган облусунун Уштобе шаарында төрөлгөн. Томск шаарындагы  Курулуш жана  инженердик институтун 1973-жылы аяктаган. Техника илимдеринин кандидаты, доцент, 50 дөн ашуун илимий эмгектердин автору, анын ичинде 4 автордук күбөлүк, 2 окуу-усулдук колдонмолору бар.

 

Илимий кызматкер  Абдыкадыров Тойгонбай Сартмаметович  1966- жылы Ош областынын Кара-Кулжа  районунун Алайку айылында төрөлгөн. Бишкектеги политехникалык институтунун  Технологиялык   факультетин аяктап «инженер механик» адистигине ээ болгон. Анын илимий журналдарда жарыяланган 15 тен ашык илимий эмгектери жарыкка чыккан, 1 патенттин ээси.

 

Кенже илимий кызматкер  Арзиев Нурлан Жоромаматович Ош шаарында 1986-жылы төрөлгөн. 2011-жылы Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин  «инженер электрик» адистигин бүтүргөн. Илимий журналдарда жарыяланган 5 илимий  эмгектери жарыкка чыккан.