«Көмүрдү газдаштыруу» лабораториясынтехника илимдеринин доктору, проф. А.С. Джаманбаев негиздеп, анын илимий иштерин академик Ж.Текенов, андан кийин х.и.к. Ш.Джапарова улантып келишкен. Учурда аталган лабораторияны т.и.к. Шайдуллаев Р.Б. жетектеп келүүдө.

Т.и.к. Шайдуллаев Расулбек Бегимкулович 1963 – жылы Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Бүргөндү айлында төрөлгөн. 1986 – жылы Фрунзедеги политехникалык институтун аяктаган, «Курулуш, жол машиналары жана жабдыктары» адистигине ээ болгон, квалификациясы боюнча инженер-механик. Кандидаттык диссертациясын 2013–жылы ийгиликтүү жактаган. Анын 50 дөн ашуун илимий жана электрондук ресурс катары эмгектери жарыкка чыккан, анын ичинде 3 автордук күбөлүк, 4 патент, 3 окуу-усулдук колдонмолору бар.

Т.и.д., лабораториянын башкы илимий кызматкери Абидов Абдыкадыр Омарович  1965-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1990-жылы Фрунзе политехникалык институтунун  Оштогу кечки факультетин аяктаган, адистиги «Автомобиль жана автомобилдик чарбасы».80ден ашуун илимий жана окуу-усулдук колдонмолордун автору, анын ичинде 4 патент, 1 монография, 3 окуу китеби; автордун жетекчилигинде 2 кандидаттык диссертация жакталган. Техника илимдеринин доктору, профессор, эки илимий кандидаттык жана доктордук диссертациялык кеңеште мүчө, Эл аралык инженердик академиянын академиги.

Кенже илимй кызматкер Омуров Жетимиш Кочумович 1958-жылдын 10-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак айылында төрөлгөн. 1982-жылы Жалал-Абад медициналык училищени, ал эми 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Ош кечки факультетинин  «Өндүрүштүк жана граждандык курулуш» адистигин аяктаган. Аталган лабораторияда 2017-жылдан бери эмгектенет.

Лабораториянын негизги илимий багыттары

  • Лабораторияда республиканын  көмүрлөрүн газдаштыруу жолу менен энергияны жана пиролиздик газдарды алуунун технологиясын иштеп чыгуу тематикасы боюнча илимий-изилдөө иштерин алып баруу.
  • Алай жана Өзгөн көмүр кендеринин көмүрлөрүнөн пиролиз жолу менен жарым коксту жана пиролиздик газды алуу.

Илимий-техникалык продукциялардын ишке ашуусу

Лабораториянын илимий иштерин өндүрүшкө киргизүү максатында азыркы учурда пиролиздик түзүлүштү жаңыртып, анын жардамы менен Торгой-дөбө, Кожо-келен, Сары-моңол, Кумбел жана башка Түштүк аймактын көмүрлөрү изилденүүдө. Лабораториялык эксперименталдык иштердин натыйжасы Кыргыз Республикасынын жылуулук-энергетика тармагына,  айлана-чөйрөнү жакшыртууга жана айрыкча күрөң көмүрлөрдүн жылуулук сыйымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Илимий байланыштары

Учурда лаборатория “Рембыттехника” жана Кызыл-Кыядагы “Климов Сарыбаев Групп” ЖЧКсы менен пиролиз агрегатын өндүрүү боюнча кызматташат. Ал Абшыр-Ата көмүр кычкылтегин кычкылтексиз жаңыртууда колдонулат. Келечекте Майлуу-суу жылуулук бирикмеси (көмүрдүн майдасын күйгүзүү багытында), “Кадамжай сурьма комбинаты” менен Кыргызстандын түштүк аймагындагы таш көмүрдү жана күрөң көмүрлөргө химиялык жана техникалык анализдерди изилдөө боюнча кызматташуу пландаштырылууда.

Илимий иштердин жыйынтыгы

“Көмүрдү газдаштыруу” лабораториясы түзүлгөндөн баштап көмүрлөрдү газдаштыруу максатында бир канча пиролиздик (реакторлордү) түзүлүштөрдү пайдаланып келүүдө:

– спираль түрүндөгү реакторду пайдаланып тең айлануучу агымда катализатор катары өнөр жай калдыктарын колдонуп, көмүрдү газдаштыруу процессинин каталитикалык ыкмасы иштелип чыккан;

– көмүрдүн майда бөлүкчөлөрүн айланма агымда газдаштыруу үчүн “Газ генератору” лабораториялык орнотуусу өркүндөтүлгөн. Ал түзүлүш азот менен толтурулган газ идиштери атмосфералык абаны үйлөө үчүн компрессор менен алмаштырылган, бул синтез газын иштеп чыгууну бир кыйла төмөндөтөт;

Республиканын күрөң көмүрлөрүн газдаштырууга технологиялык ылайыктуулугун аныктоо максатында тажрыйба иштери жүргүзүлүп, Агулак, Бешбуркан жана Чоң-Таш күрөң көмүрлөрүнөн газ алуу мүмкүнчүлүктөрү изилденген. Толук газдашуу мезгилинин 8000С катализаторлордун санына көз карандылыгы аныкталып, айлануу ылдамдыгы 3% K2CO3 кошулганда 4 эсе жана ошол эле катализатордун 6% кошулганда 7-8 эсе көбөйгөн;

– Технологиялык анализдин натыйжасында Бел-Алма кенинен көмүрдөн алынган жарым кокстун салыштырмалуу нымдуулукту 35,4% га төмөндөтүп жана жылуулук калориясы12,4% га көбөйдү;

– Өзгөн кенинин Маркай, Кара-Дөбө, Торгой-Дөбө жана Алай кендеринин Кызыл-Булак жана Кожо-Келен күрөң жана таш көмүрлөрүн термикалык иштетүү процессинде, жакшырылган касиеттери бар көмүр отуну алынды;

– Азайган көмүрлөрдү эксперименталдык изилдөөнүн натыйжасында жылуулук орточо алганда 14,79% дан 19,12% га чейин көтөрүлүп, учуучу заттардын түшүмдүүлүгү 11,38 пайызга төмөндөгөн.

– Көмүрдү кайра иштетүү процесси атайын иштелип чыгарылган пиролиз агрегатты колдонуу менен жүргүзүлүүдө (1-2 – сүрөттөр).

1-сүрөт. Пиролиздик  тузулуш модернизацияга чейин  (эски үлгүдөгүсү)

а          б

2-сүрөт. а.Модернизациядан кийинки пиролиздик түшүлүш;

б.  пиролиздик түшүлүштүн кинематикалык схемасы

Лабораториянын  ишмердүүлүгү

“Көмүрдү газдаштыруу” лабораториясынын илим-изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары төмөндөгү илимий журналдарда жана Интернет ресурстарында жарык көрдү:

1. Шайдулаев, Р.Б. Винттүү пресстин жумушчу денесиндеги басымдарды жана басуу күчтөрүн эксперименталдык аныктоо [Текст] / Р.Б. Шайдулаев, Т.А.Абдыкадыров, С.Н Касымбеков // Известия ОшТУ. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына арналган “Илим жана инновациялык технологиялар – Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн негизи” Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын материалдары. – 2019. – № 3.- Б. 162 – 168.

2. Шайдуллаев, Р.Б. Кыргызстандын түштүк аймагында күрөң жана таш көмүрдү эксперименталдык изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө / Р.Б. Шайдулаев, Ж.А. Арзиев, С.Т. Токтоназаров, Ш.Ж. Джапарова // Известия ОшТУ. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына арналган “Илим жана инновациялык технологиялар – Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн негизи” Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын материалдары. – 2019. – № 3. – Б. 168 – 174.

3. Шайдуллаев, Р.Б. Шар түрүндөгү майдалгычтын негизги параметрлерин аныктоо [Текст] / Р.Б. Шайдуллаев, Т.С. Абдыкадыров, С.Н. Касымбеков, Н.Ж. Арзиев // Наука. Образование. Техника. – Ош: КУУ, 2020. – №1. – С. 10 – 15.

2020-жылы лабораториянын кызматкерлери эки окуу китебин чыгарышты:

1. 670200 “Транспорттук жана технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо” багыты боюнча бакалаврлар үчүн “Ишенимдүүлүк жана диагностика теориясынын негиздери” сабагы боюнча окуу китеби автору: Шайдуллаев Р.Б. – Ош, КУУ. 2020 .– 66 б. A&AH адистиги боюнча.

2. OPUT (басмаканага даярдалган) адистиги боюнча 670200 “Транспорттук жана технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо” багыты боюнча бакалаврлар үчүн “Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана башкаруу” жана “Жүк автомобиль транспорту” сабактары боюнча окуу китеби: Шайдуллаев Р.Б., Мавлянов М.Ч., Макамбаева Д.И., Абдыкадыров Т.С.