КР ПК КР УИАнын Президенти жана УИАнын Финансылык-экономикалык башкармалыгынын жетекчиси А.С. Джаманбаев атындагы «Жаратылыш байлыктары» институтунда иш сапары менен болушту

КР ПК КР УИАнын Президенти жана УИАнын Финансылык-экономикалык башкармалыгынын жетекчиси А.С. Джаманбаев атындагы «Жаратылыш байлыктары» институтунда иш сапары менен болушту

 

2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Президенти, УИАнын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор Б.М. Дженбаев жана Академиянын Финансылык-экономикалык башкармалыгынын жетекчиси М.А. Токтоболотов Ош шаарында жайгашкан УИАнын Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы «Жаратылыш байлыктары» институтуна иш сапары менен келишти.

Иш сапарынын жүрүшүндө жетекчилик институттун жалпы жамааты менен жолугушуп, институтта жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары, аткарылып жаткан долбоорлор жана илимий ишмердүүлүктүн учурдагы абалы менен таанышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө УИАнын Президенти Б.М. Дженбаев бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанисине токтолуп, илимий жыйынтыктарды өндүрүшкө киргизүү, колдонмо илимди өнүктүрүү жана илимий иштеп чыгууларды практикага жайылтуу учурдагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал илимди каржылоо маселелерине токтолуп, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун жолугушуунун катышуучулары менен талкуулады.

УИАнын Финансылык-экономикалык башкармалыгынын жетекчиси М.А. Токтоболотов илимий мекемелерди каржылоо маселелери боюнча кеңири маалымат берип, каржылоону уюштурууга байланышкан актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрмө берди.

Жолугушууда институттун кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго жооптор айтылып, сунуш-пикирлер угулуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.

Иш сапарынын жыйынтыгында Б.М. Дженбаев жана М.А. Токтоболотов институттун жалпы жамаатына илимий-изилдөө иштеринде ийгиликтерди каалашты.