“Энергиянын традициялык эмес булактары” илимий лабораториясы (ЭТЭБ) 

Түзүлүү тарыхы жана илим-изилдөө багыттары

Энергиянын салттуу эмес булактары (ЭТЭБ) лабораториясы 1994-жылы жаны технологиялар институтунун курамында түзүлгөн. Лаборатория башчысы болуп т.и.д., профессор А.И.Исманжанов дайындалган.

ЭТЭБ илимий  лабораториясы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун 2008-жылдын 7-июлундагы №34 токтому жана 14-июлдагы №04-13 буйругунун негизинде Жаңы технологиялар жана Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институттарынын бириктирилүүсүнүн негизинде түзүлгөн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары  институтунун курамында иштеп келүүдө. Илимий лабораторияны 2014-жылдан 2025жылга чеийн т.и.д., профессор М.Д.Абдуллаева жетектеген. 01.04.2025жылдан 01.02.2026чейин т.и.к., доцент К.Абдырахман  у. жетектеген. 01.02.2026 жылдан баштап      Т.Т. Саткулов жетектеп келуудо.

Лабораториянын  негизги  илимий багыттары:

  1. Энергиянын салттуу эмес булактарын колдонуунун негизинде жаңы энергокомплекстерди түзүү, изилдөө жана аларды пайдалануунун эффективдүү жолдорун сунуш кылуу.
  2. Күн энергиясын пайдалануу менен жылытуучу күн системалары, момо -жемиштерди кургатуучу күн системалары ж.б. энергетикадагы, тамак-аш өнөр жайындагы, транспорттогу жылуулук алмаштыруучу жабдуулар үчүн экологиялык таза төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтарды иштеп чыгуу жана изилдөө.

Лабораториянын курамы

ЭТЭБ лабораториясында бүгүнкү күндө 5 илимий  кызматкерлер, анын ичинде 1 т.и.д., профессор,  1 т.и.к., доцент, 2  илимий кызматкерлер жана 1 лаборант эмгектенишет.

 

 

 

 

 

Саткулов Таалай Тагаевич 1969-жылы туулган. Лаборатория башчысы техника илимдеринин кондидаты . Ош Технологиялык университетинин жалпы техникалык билим берүү адистигин аяктаган. 05.04.08-Энергиянын жаңыланып туруучу булактарынын негизиндеги энергетикалык түзүлүштөр адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты.Б.Сыдыков атындагы Кыргыз Өзбек эл аралык университетинин “2014-жылдын мыкты изденүүчүсү” номинациянын ээси.23 илимий макаланын,2 окуу методикалык колдонмонун автору, ойлоп табууга алынган Кыргыз Республикасынын 1 патентинин ээси.

 

Абдуллаева Майрам Дукуевна 1959-жылы туулган. Лабораториянын башкы илимий кызматкери. Техника илимдеринин доктору, профессор, КР нын билим берүүсүнүн мыктысы. Кыргыз Республикасындагы эн мыкты ойлоп табуулар  боюнча,   КРнын илим жана интеллектуалдык менчик мамлекеттик агентствосунун(ГАНИС), КРнын билим берүү жана илим министрлигинин илимдин приоритеттүү багыттары боюнча конкурстарынын көп жолку жеңүүчүсү.  110 илимий-усулдук эмгектердин, 1 илимий монографиянын автору жана  8 ойлоп табууларга алынган Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын патенттеринин ээси.

        

Абулова Нургул Лачынбаевна 1979-жылы туулган. Лабораториянын кенже илимий кызматкери. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Инженердик технологиялык факультетинин Физика адистигин 2001-жылы аяктаган. 2009-2011-жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз- Өзбек эл аралык  университетинин аспирантурасын аяктаган. “Разработка технологии и установок солнечной сушки продуктов с интенсивным инфракрасным нагревом” аталышындагы кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштеп атат. 5 илимий эмгектердин автору жана 1 ойлоп табууга алынган Кыргыз Республикасынын  патентинин  ээси.

        

Каримов Абдисатар 1952жылы туулган. Лабораториянын илимий кызматкери. 1976-жылы Харьков политехникалык институтун “Органикалык эмес заттар” факультетиндеги “Керамика жана огнеупор” адистигин бүтүргөн. 1984- жылы КР УИАнын “Органикалык эмес химия” институтундагы аспирантураны аяктаган. Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана Илим министрлигинин илимдин приоритеттүү багыттары боюнча Ош технологиялык университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде аткарылган долбоорлордо илимий кызматкер болуп иштеген. 3 ойлоп табууга патенттердин ээси жана 25 илимий макаласы жарык көргөн.

 

                  

Илимий иштердин жыйынтыктары

Лабораторияда жүргүзүлгөн илим-изилдөө иштеринин натыйжасында экологиялык жактан таза, температуралык иштөө диапазондору кеңири жана эң жакшы жылуулук фиизикалык касиеттерге ээ болгон  7 төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтар иштелип чыгып, ар тараптан изилденген. Иштелип чыккан  калий карбонатынын, натрий нитратынын, этил спиртинин, этилкарбитолдун, пропиленгликолдун, этиленгликолдун, натрий хлоридинин негизиндеги  төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтарга Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын патенттери алынган. Калийдин карбонатынын негизиндеги Асол-К жылуулук ташыгычы  учурда Россия Федерациясынын темир жол транспортундагы пассажирдик вагондордун жылуулук системаларында жана күн энергиясы менен жылытуучу системаларда,  ал эми этил спиртинин негизиндеги  жылуулук ташыгыч Россия Федерациясынын тамак-аш өнөр жайындагы жылуулук алмаштыруучу жабдууларда кеңири колдонулуп келүүдө.

Лабораторияда Кыргыз республикасынын Түштүк регионундагы күндөн, шамалдын жана биомассанын энергиясын (фермердик дыйкан чарбаларында биогазды колдонуу) колдонуунун негизинде жаны энергия комплекстердерди түзүү изилденген. Энергиянын традициялыкэмес булактарыменен иштөөчү энергетикалык түзүлүштөр изилденип жана иштеп чыгып, аны пайдалануунун эффективдүү жолдору сунушталууда.

Илимий байланыштарды чындоо максатында лабораториянын кызматкерлери Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү илим изилдөө борборлору жана жогорку окуу жайлардагы илимий лабораториялар менен тыгыз кызматташат.

т.и.д., профессор М.Д.Абдуллаева ТВЕА  ачык акционердик коомунун илимий кызматкерлери менен.  Үрүмчү шаары, КЭР.

М.Д.Абдуллаеванын  Тракия университетиндеги илимий докладынан кийинки пикир алмашуу учуру. Солдон оңго: Тракия университетинин  профессорлору Месут Качан жана МесутБоз(Турция).

т.и.д., профессор М.Д.Абдуллаева Борбордук  Азияда күн энергиясын колдонуунун технологиялары боюнча эл аралык семинардын катышуучулары менен. Синьцзянь илимий-техникалык институту. СУАР,КЭР.

Лабораториянын ишмердүүлүгү

Лабораториянын илим изилдөө иштеринин натыйжасында  9илимий монографиялар, 68 ойлоп табууларга автордук күбөлүктөр жана патенттер,410 илимий макалалар жарык көргөн. Алардын негизгилери төмөндөгүлөр:

  1. А.И. Исманжанов, Ш.И. Клычев, Б.С. Расаходжаев, З.К. Эрмекова “Полуцилиндрдик жана сегменттүү тунук тосмолор аркылуу күндүн нурлануусун өткөрүү”. Гелиотехника, 2018, №5.
  2. А.И. Исманжанов, Н.М. Ташиев “Күн энергиясынын жардамы менен айыл чарба азык-түлүктөрүн порошогун алуу технологиясын иштеп чыгуу жана изилдөө”. Гелиотехника, 2016, №4.
  3. Ш.И. Клычев, А.И. Исманжанов, З.К. Эрмекова “Төмөнкү потенциалдуу күн түзүлүштөрүндөгү косинус фактору”. Гелиотехника, 2015, №4.
  4. Ш.И. Клычев, А.И. Исманжанов, Н.С. Садыкова, М. Самиев, А.У. Сайфиев “Күйүүчү майдын баасы өзгөргөндө күн коллекторлорунун наркын баалоо методикасы”. Гелиотехника, 2013, №3.
  5. А.И. Исманжанов, Н.А. Мурзакулов, О.А. Азимжанов “Көп катмарлуу теплицалардын катмарлар аралык мейкиндигиндеги жылуулук алмашууну изилдөө”. Гелиотехника, 2012, №2.
  6. Исманжанов А.И., Абдырахман уулу К., Абдилазизов А.М. Тоо шартынын факторлорунун күн суу кургаткыч түзүлүштөрдүн эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнө тийгизген таасирин изилдөө. Илимий макалалар жыйнагы, Ташкент, 2008-ж.
  7. Исманжанов А.И., Сооронбаев М.Р., Турганбаев О.М. Күн карталарын түзүү үчүн күндүн бийиктигинин сааттык сызыктарын жана концентрикалык айланаларды аныктоо алгоритми // Гелиотехника, 2008, №1, б. 83-88.
  8. А.к. 1527246 СССР. Төмөнкү температурадагы жылуулук ташуучу // В.П. Баранник, М.Д. Абдуллаева, Т.Х. Чен, С.И. Смирнов, Г.Н. Мансуров – №4326655/31; Берилген: 08.09.87; Жарыяланган: 07.12.89. Бюл. №45.
  9. Абдуллаева М.Д. Тамак-аш өнөр жайы үчүн экологиялык жактан коопсуз, коррозияга активдүү эмес муздатуучу // М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник // Өнөр жай өндүрүшүн экологиясы. – М., 2003. – №2. – Б. 12-14.
  10. Пат. 814 KG, МКИ С09К 5/00. Муздатуучу // М.Д. Абдуллаева (Кыргызстан) – №20040065.1; Берилген: 24.02.2004; Жарыяланган: 30.09.2005, Бюл. №9.
  11. Пат. 775 KG, МКИ С09К 5/00. Экологиялык жактан таза муздатуучу // М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник (Кыргызстан) – №20030121.1; Берилген: 06.08.2003; Жарыяланган: 30.04.2005, Бюл. №4.
  12. Пат. 776 KG, МКИ С09К 5/00. Тузактуу жылуулук ташуучу-антифриз // М.Д. Абдуллаева, Б.М. Мурзубраимов (Кыргызстан) – №20030122.1; Берилген: 06.08.2003; Жарыяланган: 30.04.2005, Бюл. №4.
  13. Абдуллаева М.Д. Күн жылуулук менен камсыздоо жана муздатуу системалары үчүн жылуулук ташуучулардын альтернативдүү компоненттери // М.Д. Абдуллаева, А.И. Исманжанов // Гелиотехника. – Ташкент, 2005. – №1. – Б. 45-49.
  14. Абдуллаева М.Д. Натрий-хлориддүү жылуулук ташуучуда болоттун коррозиясын ингибирлөө // М.Д. Абдуллаева, А.И. Исманжанов // Гелиотехника. – 2005. – №2. – Б. 39-42.
  15. Абдуллаева М.Д. Экологиялык жактан коопсуз «Экосол» антифризи // М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник // Автомобиль өнөр жайы. – М., 2006 – №2. – Б. 21-22.
  16. Абдуллаева М.Д. Экологиялык жактан коопсуз жылуулук-муздатуучу // М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник // Өнөр жай өндүрүшүн экологиясы. – М., 2006 – №3. – Б. 9-11.
  17. Пат. 977 KG. Экологиялык жактан коопсуз «Экосол» антифризи // М.Д. Абдуллаева, В.П. Баранник (Кыргызстан) – №20050115.1; Берилген: 27.10.2005; Жарыяланган: 31.07.2007. Интеллектуалдык менчик №8/2007, б. 19.
  18. Пат. 978 KG, МКИ С09К 5/00. Уулуу эмес жылуулук-муздатуучу // М.Д. Абдуллаева (Кыргызстан) – №20050114.1; Берилген: 27.10.2005; Жарыяланган: 31.07.2007, Интеллектуалдык менчик №8/2007, б. 19.
  19. Пат. 1396 KG, МКИ С09К 5/00. Антифриз үчүн коррозиянын ингибиторлору // М.Д. Абдуллаева, И.Г. Кенжаев (Кыргызстан) – №20100042.1; Берилген: 23.03.2010; Жарыяланган: 30.10.2011, Бюл. №10.
  20. Патент №2132 KG, МКИ Нефелин сиениттеринен глинозём алуу ыкмасы // М. Абдуллаева, Б. Мурзубраимов, Ж. Каримов (Кыргызстан). Жарыяланган: 28.02.2019.
  21. Абдуллаева М.П., Арзиев Ж.А., Абдуллаева М.Д. Трансформатордук майдын кошулмасы менен “Асол-К” жылуулук ташуучунун физика-химиялык касиеттерин изилдөө // КР УИАнын кабарлары, 2018, №5, б. 66-72.
  22. Abdullaeva M.P., Zarlyk uulu A., Abdullaeva M.P. Поралдуу суюкту төмөнкү температурадагы жылуулук ташуучунун негизи катары изилдөө. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн окумуштууларынын I конгресси, Ош, 2019. Б. 32.
  23. Абдуллаева М.Д. Зардалы кениндеги нефелин сиениттерин комплекстүү пайдалануу максатында технологиялык изилдөө // Каримов Ж.К., Алтыбаева Д.Т., Мурзубраимов Б.М. // Заманбап илим жана билим берүүнүн көйгөйлөрү, Иваново ш., №34 (76) 2016. Б. 18-22, РИНЦтин импакт-фактору: 1,52.
  24. Mairam Abdullaeva, Bektemir Murzubraimov, Dilbar Altybaeva, Zhypargul Abdullaeva, Gulzada Kalykova. Кыргызстандагы Терек керамикалык кенинин пегматит минералынын фарфор жана фаянс өндүрүү үчүн колдонулушун изилдөө. Journal of Minerals and Materials Characterization and Engineering, 2021, 9, 169-179.
  25. Исманжанов А.И., Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л. Азык-түлүктөрдү радиациялык-конвективдүү күн аркылуу кургатууну изилдөө // Илим. Билим берүү. Техника. 2013, №1, Б. 69-71.
  26. КР патенти. №1516. Ойлоп табуулардын бюллетени №12, 2012 // Исманжанов А.И., Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л.
  27. И.Г. Кенжаев, Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л. “Термика” күн суу кургаткыч түзүлүштүн жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрүн изилдөө // “Кабарлар” 2019-ж. №3. ОшТУ.
  28. И.Г. Кенжаев, Абдырахман уулу К., Абулова Н.Л. Айыл чарба азыктарын күн энергиясын колдонуу менен кургатуу процессине жылуулукту берүүнүн натыйжалуу ыкмасын иштеп чыгуу маселесине // “Жарчы” 2019-ж. №2. ОшМУ.
  29. Абулова Н.Л., Абдырахман уулу К., И.Г. Кенжаев “Кургатылуучу азыктарда жылуулук фронтунун динамикасын изилдөө үчүн эксперименталдык стенд иштеп чыгуу” // Илим жана практиканын жарчысы 2021. Т.7 №10. Б. 259-264

Илимий байланыштары

  1. И.Раззаковатындагыкыргызмамлекеттиктехникалыкуниверситети.
  2. КР УИАнын машина куруужанаавтоматика институту.
  3. КРнын өнөр жай, энергетика, жер байлыгы боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы илим-изилдөө институту
  4. Б.И.ЕльцинатындагыКыргыз-Орусславян университети.
  5. М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университети
  6. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети.
  7. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети. Казах Республикасы.
  8. Ташкент химико-технологиялык институту. Өзбекстан Республикасы
  9. Эл аралык күн энергиясы институту. Өзбекстан Республикасы
  10. “Физика-Күн” илимий өндүрүштүк бирикмеси. Өзбекстан Республикасы
  11. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети. РФ
  12. Москва мамлекеттик инженердик экология университети. РФ
  13. Москва мамлекеттик педуниверситети. РФ
  14. Москва мамлекеттик областтык педуниверситети. РФ
  15. Тракия университети. Турция
  16. Синьцзянь илимий – техникалык маалымат институту. СУАР, КЭР