“Келечектүү технологиялар жана материалдар” лабораториясы
Лабораториянын түзүлүшүнүн тарыхы
«Келечектүү технологиялар жана материалдар лабораториясы» 2011-жылы «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораторияларынын биригүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктары институтунун курамындау юшулган.
Лабораторияны 2011-2016-жылдар аралыгынд афизика – математика илимдеринин доктору, профессор Ы.Ташполотов жетектеген. 2017-2021-жылдары техника илимдеринин кандидаты У.К. Абдалиев жетектеген. 2022-2023-жылдары ф-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов лабораториясын жетектеген. 2023-жылдан 2025-жылдын март айыначейинт.и.к., доценти У.К. Абдалиев жетектеген. 2025-жылдын апрель айынан баштап ушул мезгилге чейин техника илимдеринин кандидаты, ага илимийкызматкер Б.Ж. Акматов жетектеп келүүдө.
Негизги илимий багыттары
Лабораториянын негизги илимий багыты – Кыргыз Республикасынын Түштүк регионундагы жаратылыш байлыктарын өздөштүрүүнүн инновациялык технологияларын иштеп чыгуу.
Лабораториянынилимийтемаларыболуптөмөнкүлөрсаналат:
- Көмүр жана жаратылыш байлыктарынын негизинде суу-көмүрдүк, суу-эмульсиялык, композициялык күйүүчү заттарды жана композициялык системаларды алуунун илимий-технологиялык негиздерин иштеп чыгуу;
- Энергиянын жана жылуулуктун жаңы булактарын изилдөө;
- Нанотехнологиянын негизинде суну тазалоонун илимий негиздерин түзүү;
- Базальтты кайрадан иштетүү менен курулуш материалдарын жана башка каражаттарды өндүрүүнүн илимий технологияларын түзүү.
Илимий байланыштары
Учурда лаборатория Ош шаардык мамлекеттик администрациясы, Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы, Ош жылуулук электр борбору, Ош мамлекеттик, Кыргыз-Өзбек Эл аралык, Ош технологиялык университеттери жана башка уюмдар, ишканалар менен кызматташат. Кыргыз Республикасынын Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана Ош шаардык мэриясы менен базальты кайрадан иштетүүдөн курулуш материалдарын жана каражаттарын өндүрүүнүн, кавитациялык технологияда жылуулук менен камсыздоочу суунун температурасын жогорулатуунун фундаменталдык жана прикладдык илимий-технологиялык негиздерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу багытында Меморандумдар түзүлдү.
Лабораториянын илимий кызматкерлерине инвестиция алыпкелүү максатында Эл – аралык илим изилдөөчүлөр менен кызматташууда. Россиядагы Табигый илимдер академиясы (РТИА) мененкызматташып, учурда КТМ лабораториясынын башкы илимий кызматкери (в.н.с.) профессор Ташполотов Ы. РТИАнын мүчө–корреспонденти болупшайланып илимий макалаларды электрондук формата жарыялоого, интернет конференцияларга катышууга, РТИАнын платформасында Интернет-конференцияларды уюштурууга ж.б. мүмкүнчүлүк алган.
“Келечектүү технологиялар жана материалдар” лабораториясынын кызматкерлери тарабынан РТИАнын платформасында “Келечектүү технологиялар жана материалдар” (журналдын башкы редактору профессор Ы.Ташполотов, башкы редактордун орун басары доцент Э.Садыков) электрондук журналын ачышкан.
Илимий иштердин жыйынтыктары
- Электроионизациялык ыкманын негизинде суну тазалоонун жана
- Залалсыздандыруунун технологиясы иштелип чыкты жана колдонууга киргизилди;
- Кавитация эффектисин колдонуп эмульсиялык, композициялык, суу-көмүрдүк суюк күйүүчү заттарды алуунун технологиясы жана жылуулук генераторун түзүү ыкмасы иштелип чыкты;
- Ош шаарын газдаштыруу, жылуулук менен камсыздоо ж.б. максаттарында көмүрдү комплекстүү иштетүүнүн технологиясы жана анын инвестициялык долбоору даярдалды;
- Баткен облусундагы Кан коргошун кенин иштетүү үчүн коргошун минералдык рудаларды кайра иштетүү боюнча технологиялык долбоор даярдалды;
- Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан техногендик чыгындылардан гравитациялык усулда сурьманы байытып бөлүп алуу технологиясы даярдалды;
- Металло термикалык заттардын негизинде жылуулук энергиясын алуунун технологиясы иштелип чыкты;
- Көп компоненттүү күйүүчү суспензиялардын физикалык жана технологиялык касиеттерине кавитациянынтаасири изилденди;
- Кавитациялык эффект аркылуу туруктуу суу-көмүр күйүүчү затын алуунун физикалык жана химиялык өзгөчөлүктөрү изилденди;
- Техникалык мүнөздөмөлөрү жакшырган композиттик күйүүчү отундар алынды;
- Суюк углеводороддордун негизинде композициялык күйүүчү затын алуу технологиясы иштеп чыгарылды;
- Композициялык күйүүчү суюк заттарды күйгүзүүчү түзүлүштүн конструкциясы иштелип чыкты;
- Казан мештеринде композициялык отундун күйүү процесстеринин негизги мүнөздөмөлөрү аныкталды;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарынын негизинде композициялык системаларды алуу үчүн компьютердик моделдөө иштелип чыкты;
- Кавитация эффекти таасиринде пиролиз чайыры жана пирогендик суу негизинде композициялык система жаратылды.
Өндүрүшкө киргизилген жыйынтыктар
- Ош «Шаардык суу канал» муниципалдык ишканасында лабораторияда иштелип чыккан суну тазалоонун жана залалсыздандыруунун электроионизациялык ыкмасы өндүрүшкө киргизилди.
- Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясынан суунун курамындагы химиялык элементтерди аныктоонун электро-ионизациялык технологиясынын жарамдуулугу боюнча эксперттик корутунду алынды.
- Ош шаардык Жылуулук электр борборунда кавитация эффектинин негизинде суну жылытуу технологиясы колдонууга киргизилди.
- Ош “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына суу-эмульсиялык күйүүчү аралашманы алуу технологиясы колдонууга киргизилди.
- Коргошундун минералдык рудасын иштетүү боюнча инвестициялык долбоор Корея жана Кытай инвесторлору тарабынан колдоо тапты.
- Ош шаарын газ жана жылуулук менен камсыздоо максатында көмүрдү комплекстүү иштетүүнүн технологиясы боюнча даярдалган инвестициялык долбоор Ош шаардык администрациясы тарабынан жактырылып Кытай инвесторлоруна сунушталды.
- Кадамжай сурьма комбинатында, андан чыккан техногендик чыгындылардан сурьманы бөлүп алуу технологиясы өндүрүшкө киргизилди.
- Электрофизикалык ионизация негизинде суюктуктардан жылуулук энергиясын эффективдүү иштеп чыгуучу электроионизациялык жылуулук генератору Ош шаарындагы “Шакирова” от казанына колдонууга киргизилди.
- Кавитация эффектинин жардамында пиролиздик чайыр жана пирогендик суунун негизинде композициялык система жаратылды.
Илим жана билим:
– «КТжМ» лабораториясынын башкы илимий кызматкери, профессор Ы.Ташполотов ОшМУнун жана ЖАМУнун Д.05.22.651 диссертациялык кеңешинин төрагасы, илимдин доктору (кандидаты) академиялык даражасын алуу үчүн докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча.
– «КТжМ» лабораториясынын кызматкерлери Ош шаарындагы төмөнкүЖ ОЖдордо сабакберишет: – ОшТУ – т.и.д., доцент Акматов Б.Ж.; ОшМУ – физика-математика илимдеринин доктору, профессор Ташполотов Ы.Т.
– «КТжМ» лабораториясынынкызматкери, профессор Ташполотов Ы. ОшМУ нун Математика, физика, инженерия жана маалыматтык технологиялар институтунда “Маалыматтык системалар жана технологиялар”, “Маалымат жана компьютердик техника” адистиктери боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоого катышуу; «КТжМ» лабораториясынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Акматов Б.Ж. ОшТУнун Энергетика жана транспорт институтунда 640200 «Электр энергетика жана электротехника» адистиги боюнч абакалаврларды жана «Электр менен камсыздоо» адистиги боюнча магистрлерди даярдоого катышат.
Лабораториянын ишмердүүлүгү
«Келечектүү технологиялар жана материалдар» лабораториясынын илим-изилдөө
ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары төмөндөгү илимий журналдарда жана Интернет ресурстарында жарык көрдү:
2024-жыл:
- Акматов Б.Ж., ТурдубаевС.А. Электр тармактарындагы жана торлорундагы электрофизикалык иондошуу процесси. [Текст] /— “Endless Light in Science” журналы, Казакстан, 2024ж., №1, 310–313 беттер.https://cyberleninka.ru/article/n/elektr-tarmaktaryndagy-zhana-torundagy-elektrofizikalyk-iondoshuu-protsessi
- АкматовБ.Ж., ТурдубаевС.А.Өткөөл процесстердин кесепеттери – бул электрофизикалык иондошуу. [Текст]/ — “Endless Light in Science”журналы, Казакстан, 2024ж., №1, Б.214–222. беттер. https://cyberleninka.ru/article/n/posledstviya-perehodnyh-protsessov-eto-elektrofizicheskaya-ionizatsiya
- Сабиров Б.З., Ташполотов Ы.Кызыл-Булак жана Кожо-Келен кендеринин көмүрүнөн жана жылытылган битумдан композиттик катуу отун алуу технологиясы.Илим жана практиканын бюллетени. 2024ж., Т.10. №2. Б.388-396. https://doi.org/10.33619/2414-2948/99/37.
- Сабиров Б.З., Ташполотов Ы.Муниципалдык жана тиричилик үчүн жакшыртылган мештерде композиттүү көмүр отундарынан жылуулук алуу технологиясыИлим жана практиканын бюллетени. 2024ж., Т.10. №2.Б.379-387. https://doi.org/10.33619/2414-2948/99/36.
- Тажикбаева С.Т., Ташполотов Ы. Композиттик отундун күйүү процессинин математикалык моделдөө жана эконометрикалык анализи. Илим жана практиканын бюллетени. 2024ж., Т.10. №4. Б. 28-35. https://www.bulletennauki.ru/gallery/101_03.pdf
- Осекова Г.А., Ташполотов Ы.Өзгөн көмүрүнүн кокс газынын химиялык курамын изилдөө. Илим. Билим берүү. Технология, №2, 2024ж. Б.34-42.
- Ташполотов Ы., Адылова Э.А. Резервуардын түбүнүн жарым шар түрүндө суюктуктарды чыпкалоонун физикалык принциптери.Илим. Билим берүү. Технология, №2, 2024.Б.14-23.
- Тажикбаева С.Т., Ташполотов Ы.Композиттик отундун курамын жана сапатын аныктоо үчүн компьютердик моделди иштеп чыгууИлим жана практиканын бюллетени. 2024ж., Т.10. №8, Б.313-318. https://doi.org/10.33619/2414-2948/105/34.
- Ибраимов Т.К., Ташполотов Ы., Садыков Э.Суулуу суспензиядагы электроддордун ортосундагы чыңалууга жараша катоддун айланасында жез сульфатынын “капчыгынын” пайда болушу.Илим жана практиканын бюллетени. 2024ж., Т.10. № 11. Б.21-27.
- Ташполотов Ы., Маматов Э.У. Жүктөлгөндөрдү математикалык моделдөөар кандай багыттар боюнча цилиндрдик арматуранын бөлүштүрүлгөн жүкИлим жана практиканын бюллетени. 2024ж., Т.10. №11. Б.12-20.
- Ибраимов Т.К., Сатыбалдиев А.Б., Ташполотов Ы.Кош электр катмарындагы лагранждык функция жана кристаллдашуу динамикасы: кошулмалары бар сууларга электр талаасынын таасири.Колдонмо жана фундаменталдык изилдөөлөрдүн эл аралык журналы. – 2024ж., №12. Б.36-40. URL: https://applied-research.ru/ru/article/view?id=13679 (кирүү: 24.01.2025).
2025-жыл:
1 Абдалиев У.К., Исманов Э.М., Урмат кызы Ж., Ташполотов Ы. Кавитация эффектисин колдонуу менен пиролиз чайырларынын жана пирогенетикалык суунун негизинде композициялык системаны түзүү//Илим жана практика бюллетени. 2025. 11. №2., С. 151- 157, https://doi.org/10.33619/2414-2948/111/19.
- Маматов Э.У., Нурбекова Э.Н., Ташполотов Ы. Базальтты кайра иштетүү технологиясын математикалык моделдөө//Вестник науки, 2025, 16 марта 2025 г. № 3 (84) Том 2., стр. 723-734.
chrome-extension://efaidnbmnnnibpcajpcglclefindmkaj/https://www.xn-8sbempclcwd3bmt.xn--p1ai/archiv/journal-3-84-3.pdf
- Маматов Э.У., Ташполотов Ы. Полимердик калдыктардын жана резина жана базальт тектеринин негизинде композициялык материалдарды алуу технологиясы//Илим жана практика бюллетени. 2025. 11. №4. S. 89-100. https://doi.org/10.33619/2414-2948/113/13
- Tashpolotov, Y.T., Omurbekova, G.K., Adylova, E.S., Tokonova, T.S., Dilishatov, O.U. The translation is: “Mathematical modeling of obtaining silicon dioxide from rice husk in the Southern region of Kyrgyzstan.// Springer, Cham.т. 168. https://doi.org/10.1007/978-3-031-78686-0_48. Studies in Big Data, 168,455-463 (СКОПУС)
- Ташполотов Ы., Акназар уулу К. Бариттин негизинде жаңы композициялык материалдарды иштеп чыгуу//Илим жана практика бюллетени. 2025. 11. №5. С. 118-125. https://doi.org/10.33619/2414-2948/114/17
- Ташполотов Ы., Юсупали уулу З., Алиев Р. Кремний пластиналарындагы заряддын тең салмактуу эмес алып жүрүүчүлөрү: динамикалык мүнөздөмөлөр//Илим жана практика бюллетени. 2025. 11. №5. С. 111-117. https://doi.org/10.33619/2414-2948/114/16
Автордук күбөлүктөр:
- Ташполотов Ы., Омурбекова Г.К. Бетондунмүнөздөмөлөрүнүнкомпьютердик модели. Компьютердикпрограммага сертификат. Кыргызпатент, № 879, 03.06.2024ж.
- Адылова Э.С., Ташполотов Ы., Омурбекова Г.К. Токтогул ГЭСининсуусунундеңгээлининсуунунагымынакөзкарандылыгынкомпьютердикмоделдөө. Компьютердикпрограммага сертификат. Кыргызпатент, №920, 27.06.2024ж.
- Сулаймануулу З., Ташполотов Ы. Суутектигенерациялоочутүзүлүш// Интеллектуалдыкменчик, 2024, №10 (319), 11-12-б. 2024-жылдын 25-июлундагы патент берүүжөнүндөчечим.
Монографиялар:
- Абдалиев У.К., Ташполотов Ы. “Суу-эмульсиялыккүйүүчүаралашманыалуунунтехнологиясы // Окуукитептериндаярдооборбору. – Ош, 2018 ж. – 118 бет.
- Ысманов Э.М., Абдалиев У.К., Ташполотов Ы. Технология получения сурьмы из техногенных отходов Кадамжайскогосурьмяного комбината // Окуукитептериндаярдооборбору. – Ош, 2019 ж. – 124 бет.
Окуу-усулдукколдонмо:
- Абдалиев, У.К. Механика боюнчалабораториялыкжумуштар [Текст] /У.К. Абдалиев, Т.Р. Кадырова // – Учебно-методическое пособие, Изд.”Билим” при КУУ им. Б.Сыдыкова. – Ош, 2021г. – 66 с.
- Абдалиев, У.К. Молекулалык физика боюнчалабораториялыкжумуштар [Текст] / У.К. Абдалиев, Т.Р. Кадырова // – Учебно-методическое пособие, Изд.”Билим” при КУУ им. Б.Сыдыкова. – Ош, 2021г. – 66 с.
- Абдалиев, У.К. “Өлчөөтехникасы” [Текст] / Г.А. Баймуратова, У.К. Абдалиев // – Учебно-методическое пособие, Изд. при ОшТУ. – Ош, 2021г. – 152 с.
Лабораториянын курамы
Бүгүнкү күндө “Келечектүү технологиялар жана материалдар” лабораториясында 5 илимий жана көмөкчү кызматкерлер, анын ичинде 1 илимдин доктору, 1 техникалык илимдердин кандидаттары, 1 илимий кызматкер жана 2 инженери эмгектенишет.
Акматов Баатыр Жороевич
“Келечектүү технологиялар жана материалдар” лабораториянын башчысы т.и.к. Акматов Баатыр Жороевич 1961–жылдын 2-январында Ош облусунун Алай районундагы Кара-Шоро айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетинин 1983-жылы аяктап, физика жана окутуучу кесипке ээ болгон.Алгачкы эмгек жолун 1984-жылы Кыргыз ССРнин ИАнын Физика институтунун кенже илимий кызматкери кызматына алынат.
Ал эми 2007-жылы ОшТУнун “Энергетика” факультетине которулган жана ага окутуучу кызмат ордун ээлеген, ошол эле учурда 2006-2019 жылдары КР УИА ТБ жаратылышты пайдалануу (КИПР ЮКУНЦ ИА) институтунда ага илимий кызматкер болуп илимий жумушка кошумча эмгектенген. 2007-жылы аталган институтта аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2011-жылы 01.04.07 – конденсацияланган абалдардын физикасы адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2010-ж. – 2016–ж. ОшТУнун Энергетика факультетинин “Электроэнергетика”кафедрасында доцент кызматы аркалаган. 2017-ж. бери ошол кызмат орунга конкурстун негизинде кабыл алынып ушул учурда эмгектенүүдө.
63 окуу-усулдук жана илимий эмгектердин автору, анын ичинен 52 илимий макала, 3 ойлоп табууга жана 1 пайдалуу моделге патент, 9 автордук күбөлүк жана 1 окуу-усулдук колдонмо ж.б. изилденген илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен “Күн энергиясы – жылуулук энергиянын келечектүү булагы” аталыштагы монография жазууга жетишти.
Илимий эмгектеринин натыйжасы:
- Электрофизикалык иондоштуруунун негизинде суюктуктан жылуулук энергиясын эффективдүү өндүрүүнүн законун ченемдүүлүгүн Б.Ж. Акматов тарабынан аныктаган:

- “ЭФИ” жылуулук генераторунда жылуулуктун эселенип алынышынын закон ченемдүүлүгүБ.Ж. Акматов тарабынан аныкталган:
- Илимий эмгектиринин негизиндеБ.Ж. Акматов тарабынан ойлоп табылган түзүлүш:
– “ЭФИ” жылуулук генератордун башка баардык электр жылыткычтардын түрүнѳн ѳзгѳчѳлүгүэлектр энергиясын 1,89 эсеге экономдойт (минимум).
– “ЭФИ” жылуулук генератордун ѳндүрүштүк түзүлүшү: а) жана б)
– Электрофизикалык иондоштуруунун негизинде суюктуктан эффективдүү жылуулук энергиясын иштепчыгуучутүзүлүш (установка)/ Патент №1824, 29-январь 2016-жыл.
– “ЭФИ” жылуулук генератору үчүн пайдалуу моделге Патент алынган№361, 30-ноябрь 2023-жылы алынган(Арыз № 465 “39”_09_2022 жыл убактысы менен Кыргызпатентте катталды).
«ЭФИ» жылуулук генератору –БУЛ ЭЛЕКТР ЖЫЛЫТКЫЧТАРДЫН
ЖАҢЫ МУУНУ!
Көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн жетишкендиктери жана сыйлыктары:
- Академик М.М.Адышев атындагы ОшТУнун Ардак грамотасы (2004 ж.; 2009 ж.; 2010 ж.).
- Ош шаардык мэриянын Ардак грамотасы (2012 ж.).
- КР УИА Ардакграмотасы (2010 ж.; 2013 ж.).
Ташполотов Ысламидин ф-м.и.д. профес
сор, 1954-жылдын 26-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетинин «Физика» адистигин 1975-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ал 1981-жылы Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасын академик Х.А.Рахматуллиндин жетекчилиги менен аяктаганжана 1983-жылы кандидаттык диссертациясын (М.В. атындагы МГУ, Москва ш.), ал эми 2004-жылы доктордук диссертациясын (Бишкек ш.) коргогон. Илимий журналдарда 220дан ашуун илимий жана электрондук ресурс катары эмгектери жарыкка чыккан. 4 монография, 20 патент жана автордук күбөлүктөр, 28 окуу-усулдук жана илимий популярдуу жумуштардын автору.
Асанов Руслан Эшполотович “Келечектүү технологиялар жана материалдар” лабораториясынын илимий кызматкери, 1986-жылдын 5-мартында Ош шаарында төрөлгөн. 2012-жылы Ош технологиялык университетинин Автомобилдер технологиялары факультетин (АТФ) “Автоунаада ташууну уюштуруу жана башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн. 2017-жылы “Конденсацияланган абалдын физикасы” 01.04.07 адистиги боюнча КР УИА ТБнүн ЖБИнүн сырттан окуу аспирантурасын аяктаган.
“Перспективдүү технологиялар жана материалдар” лабораториясынын инженери Асанова Канымгүл Асановна 1986-жылдын 10-майда Ош облусунун Араван районундагы Гулбаар айылында төрөлгөн. 2009-жылыакадемик М.М Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Жаратылышты пайдалануу факультетиндеги “Органикалык эмес заттардын химиялык технологиясы” адистигин бүтүргөн. ОшМамлекеттик Университетинин Табият таануу, туризм жана агрардык технология факультетиндеги “Табигый илимий билим берүү” багыты боюнча магистратураны 2024-жылы аяктады.
Дурсунбай кызы Сонунбүбү “Келечектүү технологиялар жана материалдар” лабораториясынын инженер кызматкери. Дурунбай кызы Сонунбүбү 1995-жылдын 4-декабрында Ош облусунун Ноокат районундагы Кожо-Арык айылында төрөлгөн. 2014-жылы академик М.М Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин, Жаратылыш Пайдалануу факультетинин “Химиялык технология” адистигине тапшырган. Жогорку окуу жайды 2018-жылы ийгиликтүү аяктап, “Химиялык технология” багытты боюнча бакалавр академиялык даражасына ээ болгон жана дипломду эң жакшы баа менен коргоду.































